Коом
«Айыл чарбасын каржылоо — 11». Жалпы 3,2 млрд сом насыя берилди
«Айыл чарбасын каржылоо -11» долбоору боюнча 2023-жылдын 27-июлуна карата 2 категория боюнча 3 млрд 229 млн 488 миң сомго 7 миң 178 насыя берилди.
Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен
1. Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 837 млн 173 миң сомго 1 миң 995 насыя берилди, анын ичинен:
банктар боюнча алганда:
– «Айыл Банк» ААК аркылуу 473 млн 558 миң сомго 1 миң 104 насыя;
– «РСК Банк» ААК аркылуу 363 млн 615 миң сомго 891 насыя.
2. Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 2 млрд 392 млн 315 миң сомго 5 миң 183 насыя берилди, анын иченен:
банктар боюнча алганда:
– «Айыл Банк» ААК аркылуу 1 млрд 160 млн 405 миң сомго 2 миң 459 насыя;
– «РСК Банк» ААК аркылуу 1231910 миң сомго 2724 насыя.