Коом

ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуунун III туру башталды

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун III туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Документтерди кабыл алуу 31-июль саат 08:00дөн, 2-август саат 14:00гө чейин созулат.

Белгилей кетсек, 26-июлда жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоонун 2-туруна арыздарды кабыл алуу аяктап, 11 миң 598 арыз катталды. Анын ичинен 3 миң 886сы бюджеттик негизде окууга, 7 миң 598и контракттык негизде окууга.

ЖОЖдорго кабыл алуунун I турунда 26 миң 546 арыз катталып, анын ичинен 12 миң 902 абитурент кабыл алынды.

Биринчи турдун жыйынтыгы менен абитуриенттерди эң көп кабыл алган ЖОЖдор:

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 2 миң 115

Ош мамлекеттик университети – 1 миң 864

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 1 миң 563

Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети – 938

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – 891

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети – 811

И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы – 635

Эскерте кетсек, 2023-2024-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” https://2020.edu.gov.kg/vuz автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу төрт тур менен жүргүзүлөт. Абитуриенттер ЖОЖдун жайгашкан жерине барбай эле электрондук формада арыз бере алышат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button