Коом

АКШга бара жаткан кыргызстандык үй-бүлө Кариб деңизинде дайынсыз жоголду

Казакстандын жараны Жанат Шамиганов «Настоящее время» кабарчысына кыргызстандык үй-бүлө менен болгон окуя тууралуу айтып берди.

Шамиганов маегинде Борбордук Американын 7 өлкөсүн жунгли аркылуу басып өтүп, АКШга кантип мыйзамсыз келгени тууралуу баяндайт.

Кадр из видео, снятого Жанатом Шамигановым

Жанат Шамиганов

Анын айтымында, ал бир нече адамдар, анын ичинде кыргызстандыктар бар топ менен болгон. Алар Жээкти кайтарган  коопсуздук кызматынын көзүнө чалдыгып калбоо үчүн түнү Кариб деңизинде сүзүп бара жатышкан.

«Кыргызстандын жараны менен жагдай мындай болду: караңгыда бала апасынын колунан сууга кулап түштү анын  артынан аял сууга секирди, анын артынан күйөөсү секирди. Жана алар отурган кайык кайра артка кайткан жок. Бул жерде кырдаал түшүнүктүү — чоң толкундар, түнкүсүн катуу ылдамдыкта болот. Ошондуктан алар кайра кайтып келе алган жок «, — деп эскерет Шамиганов.

Ошол эле учурда казакстандык бул качан жана кайсы өлкөдө болгонун айткан жок.

Кариб деңизинин жээгинде Колумбиядан АКШга чейинки топтун маршруту боюнча жайгашкан өлкөлөр: Колумбия, Панама, Коста-Рика, Гватемала, Белиз, Мексика.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button