Коом
1-августка карата аба ырайы
Бүгүн тоолуу райондордо жамгыр жаашы мүмкүн. Өрөөндөрдө күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34…+39 градус, Талас өрөөнүндө +30…+35, Ысык-Көлдө +26…+31, Нарын аймагында +27…+32 градуска жетет.
Күндүн табы Бишкекте жана Ош шаарында +37…+39, Чолпон-Ата калаасында +29…+31 градусту көрсөтүп турат.