АдабиятКоом

Бакытбек Мукарамов: Президентке ода

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго

 

Көрө албастар чыгып жатат арадан,

Кыргызыма терс жагдайда караган.

Эл башында турган эптүү адамды,

Иштетпейм деп, жакшы ой жок жараган.

 

Садырдан биз жакшы күндү күтө алдык,

Күмөн ойлор чынжырларын үзө алдык.

Качан эле жакшы адам иштерин,

Көрө алдык, аттиң куру митаамдык.

 

Отуз жылда эл башына артылган,

Чыгабыз деп жатса кыйын шартынан.

Көрүп туруп жасап жаткан иштерин,

Тик багалбай жамандайбыз артынан.

 

Өткөн эле жылдарыңды эстеп кел,

Каталыктар болгон, аны жектеп кел.

Кыргыз ээлик кылып калды Кумтөрдү,

Курулууда жаңы шарттуу мектептер.

 

Анклав болуп алыс кала жаздаган,

Ойлогондо оор жылдарды арданам.

Азыр эми жетинчи облус Баткенге,

Бүт көңүлүн болду чындап арнаган.

 

Жеке ишкер багытына ой сунду,

Жардам болор көңүл менен кол сунду.

Алакалуу мамлекеттер аралык,

Байланышкан темир, асфальт жол курду.

 

Тынч жол менен белсенди ал чечүүгө,

Эл талабы, максатына жетүүгө.

Эмне үчүн бут тособуз мындайда,

Болбойт беле колдоп, коштоп кетүүгө?!.

 

Оомат, келкел ушу күндө таанылды,

Жакшы ойдо, күмөн ойдон арылды.

Өктөм делген көп көйгөйлөр чечилип,

Өзгөрүүгө эл жашоосу кабылды.

 

Автор: Бакытбек Мукарамов (Илегилек),

Кыргыз Республикасы,

24.01.2023-жыл.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button