Кечээ, 10-август күнү А. Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдында “Дүйнөлүк көчмөндөр модасы” фестивалынын мааракелик сезонунун ачылышы өттү.
Иш- чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, мода индустриясынын көрүнүктүү өкүлдөрү, чет өлкөдөн келген дизайнерлер жана шаар тургундары катышты.
Беш жыл ичинде Кыргыздын желегин 50гө жакын мамлекетке көтөрүп, кыргыз модасына таанытып, салттуу кийим, мода индустриясын өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан Назира Бегим жана башка уюштуруучуларга мамлекеттик катчы ыраазычылык билдирди.
Кыргызстанда “Дүйнөлүк көчмөндөр” мода фестивалы 2017-жылы эл алдында көрсөтүлө баштаган.
Аталган фестиваль Марокко, Франция, Индия, Орто Азия өлкөлөрү, Индонезия, Кытай, Корея мамлекеттеринде уюштурууга жетишкен.