Коом
1-сентябрга карата аба ырайы
Жумада күндүз республиканын тоолуу жерлеринде жаан себелеши ыктымал, ал эми дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +23…+28, Талас аймагында +17…+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26…+31, Ысык-Көл чөлкөмүндө +20…+25 жана Нарын жергесинде +21…+26 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +24…+26, Ош калаасында +29…+31 градусту көрсөтөт.