Коом

Оштогу ипподромдогу нааразычылык тууралуу милиция үн катты

Ош облусунун «Төлөйкөн» ат майданында көк бөрү оюну бүтөрдө көрүүчүлөр калыска нааразы болуп, бейбаштык кылышкан. Бул тууралуу Ош ОИИБ кабарлады.

Буга чейин окуянын видеосу тараган. Анда көрүүчүлөр менен оюнчулар аралашып кеткенин көрүүгө болот.

Милициянын маалыматына ылайык, «Төлөйкөн» ипподромунда өткөн көк бөрү боюнча президенттин кубогуна 40 миңден ашуун көрүүчү келген.

“Финалдык беттеш аяктаарда көрүүчүлөр калыстын чечимине нааразычылыктарын билдирип, аларга карата бош желим бөтөлкө ыргытышкан”, — деп жазылган маалыматта.

Милиция окуя боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Учурда ат майдандан бардык жарандар тарап, аймакта абал тынч деп билдирди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button