2023-жылдын I жарым жылдыгында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктык кирешелер Арменияда 19,1%, Казакстанда 25,5% жана Кыргызстанда 26,4%га өстү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынан билдиришти.

Анын маалыматына ылайык, ошол эле учурда Казакстанда салыктык эмес кирешелер (11,9%га), ал эми Россияда бюджеттин жалпы кирешеси (2,5%га) азайган.

Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн бюджеттеринин салыктык кирешелеринин негизги үлүшүн: Арменияда — киреше салыгы жана КНС, Казакстанда жана Россияда — киреше салыгы жана КНС, Кыргызстанда — КНС түздү.