Саясат

Президент Садыр Жапаровдун Душанбеге болгон иш сапары аяктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен бүгүн, 14-сентябрда, Душанбеге болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, анда тараптар кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, темалардын кеңири спектрин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты.

Андан соң Мамлекет башчысы Борбор Азия мамлекет башчыларынын Бешинчи Консультативдик жолугушуусуна катышты.

Бешинчи Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Мындан башка төмөнкүлөргө кол коюлду:

— Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы жаштар саясатынын жалпы багыттары жөнүндө макулдашуу;

— Борбор Азияда жер үстүндөгү транспорттун өз ара байланышын чыңдоо жөнүндө макулдашуу.

Иш сапарын аяктап, Президент Садыр Жапаров 14-сентябрь күнү кечинде Бишкек шаарына кайтып келди.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button