Коом
15-сентябрга карата аба ырайы
Бүгүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын өрөөнүнүн көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен жергесинин тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +20…+25, Талас жергесинде +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көл менен Нарында +20…+25 градуска жетет.
Бул күнү Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +23…+25, Ошто +28…+30 градус ысыйт.