Коом

Өлкөдө кызамык, кызылчага каршы эмдөө боюнча байланыш борбору иштеди

Республикалык эмдөө борборунун базасында кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө маселелери боюнча байланыш борбору иштей баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Мекемеден билдиргендей, эми ата-энелер эмдөөгө байланышкан суроолор боюнча жоопторду байланышка чыгып ала алат.

«Кызамык — коркунучтуу жугуштуу оору, вирустун кесепеттери оор болуп, өлүмгө алып келиши мүмкүн. Эмдөө — ооруну алдын алуунун жалгыз гана натыйжалуу ыкмасы болуп саналат», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Байланыш борбору күн сайын саат 08:00дөн 18:00гө чейин иштейт:

+996 (551) 880 229

+996 (708) 521 710

+996 (703) 126 442

+996 (501) 323 011

+996 (999) 323 011

+996 (312) 323 011

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button