Кылмыш-кырсык

Ливияда суу ташкындын кесепетинен 11 миңден ашык адамдын өмүрү кыйылды

Ливиянын чыгыш тарабында болгон суу ташкындын кесепетинен 11 миң адам каза болгонун РИА Новости билдирди.

Шаршемби күнү курмандыктардын саны жети миңге жеткени кабарланган.

«Табигый кырсыктын курмандыктарынын саны 11 миңден ашты, ал эми дайынсыз болгондор 20 миңге чукулдап барды», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин шаардын Дерна шаарынын мэри Абдельманам аль-Гайси Al-Arabiya телеканалына каза тапкандардын саны 18-20 миңге жетиши мүмкүндүгүн айткан.

Ливиялык ЖМКлар жекшемби күнү, 10-сентябрда, нөшөрлөгөн жамгыр суу ташкынын жаратып, анын кесепетинен Ливиянын чыгыш тарабындагы шаарлар менен айылдар зыян тартканын жазышкан. Кырсыктан Эль-Байда жана Дерна аймактары да оңбогондой зыян тарткан. Жамгырдан улам аталган жерлердеги аэропорттор менен деңиз порттору жабылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button