Саясат

Садыр Жапаров: “Келгиле, кийинки 30 жылды мамлекетти көтөрүүгө арнайлы”

Президент Садыр Жапаров Сингапурдун мурдагы башчысы Ли Куан Юнун 100 жылдык мааракесине байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды. 

Өлкө башчы: “Сингапурдун башчысы ким болбосун, ал күчтүү эркке ээ болушу кажет же багынышы керек.

Бул карта оюну эмес.

Бул өмүрлөр: силердин жана менин.

Бул мамлекетти курууда мен бүт өмүрүмдү арнадым, анан аны кыйратууга эч кимге жол бербөөгө да жооптуумун».

Ли Куан Ю (16/09/1923 — 23/03/2015)

Бүгүн, 16-сентябрда, элдин тагдырын жана тарыхын өзгөртүп, 30 жылдан кем убакытта үчүнчү дүйнөдөн биринчиге чыгаруу мүмкүн экенин далилдеген Ли Куан Юнун жүз жылдык мааракеси.

Эгемендүүлүгүбүздүн алгачкы 30 жылын оңой эмес сабак алууга короттук.

Келгиле, кийинки 30 жылды мамлекетти көтөрүүгө арнайлы.

Анан бул иште бизге жолтоо болгондор эсинен чыгарбасын:

«Бул карта оюну эмес.

Бул өмүрлөр: силердин жана менин…»,- деп жазды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button