Саясат

Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун саммитине катышат

Бүгүн, 18-сентябрда президент Садыр Жапаров БУУнун саммитинин ишине – Туруктуу өнүгүү максаттары саммитинин лидерлеринин диалогуна катышат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Ал эми эртең, 19-сентябрда былтыркыдай Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөй тургандыгы айтылды.
Ошол эле күнү президенттин Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана АКШнын президенти Жо Байдендин биринчи саммитине катышуусу күтүлүүдө. 21-сентябрда Садыр Жапаров АКШнын бир катар ири компанияларынын өкүлдөрү катышкан кыргыз-америка бизнес форумуна барат.
“Мындан тышкары БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында мамлекет башчысынын БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, БУУнун Өнүктүрүү программасынын администратору Аким Штайнер, бир катар чет мамлекеттердин жана эл аралык каржы институттарынын башчылары менен жолугушуулары болот”, – деди Азымбакиев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button