КоомМаданият

Жалал-Абадда акын жана котормочу Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө

Жалал-Абадда КР «Эмгек баатыры» артыкчылык даражасынын ээси, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, акын жана котормочу Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы белгиленүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, акындын 100 жылдык мааракесине карата бир катар иш-чаралар өтөт.

Алсак, Т. Байзаков эс алуу багында (мурдагы Нооруз паркы) эстелиги ачылып, акындын чыгармалары менен коштолгон маданий иш-чара өтөт.

Ал эми саат 14:00дө облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрында Байзаковдун 100 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция уюштурулган. Ал эми кечки саат 18:00дө Барпы театрынын алдындагы аянтта концерттик программа тартууланат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button