Коом

Кыргызстанда жылына 20 миңдей аял боюнан алдырат

Кыргызстанда түйүлдүктү бойдон алдыруу кыз-келиндер арасында кенен жайылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору маалымдады.
Борбордун билдирүүсүнө ылайык, өлкөдө жылына 20 миңге жакын аял боюнан алдырат. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2022-жылы 19 жашка чейинки 1200 кыз аборт жасаткан.
Дарыгерлер бойдон алдыруу – оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн экендигин эскертишти.

«Андан кийин кыз-келиндердин боюнда болсо да айы-күнүнө жетпей түшө берет. Мындан тышкары, жыныс органдарынын өнөкөт сезгенүү ооруларына алып келиши мүмкүн, ал эми жаш кыздар кийин төрөбөй калышы ыктымал», — деп айтылат борбордун маалыматында.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button