Коом
2-октябрга карата аба ырайы
2-октябрда күндүз тоолордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +20…+25, Талас жергесинде +18…+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22…+27, Ысык-Көл жана Нарын чөлкөмүндө+15…+20 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте +23…+25, Ош шаарында +25…+27 градуска чейин көтөрүлөт.