Саясат

Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев унаа менен Жалал-Абаддын жолдорун текшерди

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абаддагы ички жолдордун абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Садыр Жапаров бүгүн, 26-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы аз убакыт мурда оңдолуп бүткөн ички жолдордун абалы менен таанышты.Мамлекет башчысы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен биргеликте шаардын ушул жылы башталып, бүгүнкү күнү өз мөөнөтүндө оңдолуп, бүткөрүлгөн Курманбек, Малашев, Манас, Назаров, Балтагулов, Осмонов, Пушкин, Мамыр Баатыр, Байзаков көчөлөрүн унаа менен жол жүрүп, таанышты.

Көчөлөрдү кыдырган маалда бардык пландалган жерлерге асфальт төшөлүп, түтүктөр алмаштырылып, жөө адамдар өтүүчү жолдор салынып, тротуарлар жана түнкү жарыктандыруу орнотулгандыгы белгиленди.

Бардык иштер бюджеттин эсебинен жүргүзүлгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button