Саясат

Садыр Жапаров Жалал-Абаддын 146 жылдыгына арналган салтанатта 2 спортчуга батирдин ачкычын тапшырды

Алар бокс боюнча эки жолку Азия чемпиону Нурадин Рустамбек уулу менен грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын коло медалынын жеңүүчүсү Амантур Исмаилов.

“Адатта биз биринчиликти алып келген спортчуларга батир, автомобиль тапшырып жүргөнбүз. Бүгүн 3-орунду алып келгендерге берип жатабыз. Анткени жаштарды спортко үндөөнү көздөп турабыз. Мурун окуучулардан “сен ким болосуң” деп сураса, “мен смотрящий болом” деген сөздөрдү укканбыз. Эми ал доор артта калды. Мындан ары ”мен спортчу, чемпион болом, кыргыздын желегин дүйнөлүк ареналарда желбиретем” деген жаштарыбыз чыксын”, — деди Жапаров.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button