Саясат

Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн алыскы жергесинде жаңы чек ара бекетин ачты

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн Түп районунун алыскы жергесинде жаңы чек ара бекетин ачты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

«Чаар Кудук» постунун өздүк курамы Казакстан менен деңиз деңгээлинен 2280 метр бийиктиктен өткөн чек аранын алыскы жана кыйла татаал бөлүгүн кайтарышмакчы.
Өткөрүү пунктунун курулушу үстүбүздөгү жылдын сентябрында башталып, чек аранын алыскы тилкелерин коргоо үчүн жашоого жана кызмат өтөөгө зарыл болгон бардык шарттар менен жабдылганы айтылат.
“Аталган бекеттин чек арачылары чек араны кайтаруудан тышкары, чет элдик жана ички туристтерди көзөмөлдөп, «Үч-Суу», «Кичи-Чоң-Жыңалач» жана «Турук» жайлоолорунун кире беришиндеги мамлекеттик чек арада чек ара режимин сактоону ишке ашырат”, — деп жазылган маалыматта.
Президент Садыр Жапаров чек арачыларды кызматтык тартипти жана аскердик этиканы сактоого, милдеттерди так аткарууга чакырган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button