Коом

Жогорку Сот: 40 миң доллар талап кылган блогер психдиспансерге жаткырылат

Аламүдүн райондук соту блогер Б. У. Т. (Улан Бекмуратов) боюнча ачылган ишти токтотту. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлады.

Соттон Б. У. Т.га карата мажбурлаган мүнөздөгү чаралар колдонуларын, тагыраагы, Чым-Коргон айылында жайгашкан Республикалык психиатриалык ооруканада дарыланарын айтышты.

“Соттук-психиатриалык эки экспертиза жүргүзүлдү. Бири тергөө учурунда, экинчиси соттук териштирүү маалында болду. Экөөнүн тең жыйынтыгында Б. У. Т.нын акыл-эси жайында эмес деген бүтүмгө келишти. Сот жабырлануучунун жана анын өкүлүнүн материалдык чыгымды өндүрүп берүү өтүнүчүн канааттандырган жок. Доо арыз жарандык сот өндүрүшүндө каралмакчы”, — деп кабарлады соттон.

Май айында Чүйдүн Аламүдүн районунда 2700 доллар алып жаткан жеринен У. аттуу блогер кармалган. ИИМ арыз жазган 76 жаштагы киши 33 жаштагы жигит алгач 40 000 доллар талап кылганын айтып арызданганын билдирген.

Бекмуратовдун 2023-жылдын апрелинен тарта арыз жазган киши туурасында терс маанайдагы видеону таратаарын эскертип, анын ордуна 40 000 доллар сураганы айтылат. Милиция ал акчанын 37 300 долларын алып, калган сумманы талап кылууну токтоткон эместигин билдирген.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button