Коом

Салык кызматы Кыргызстанда казинолорду кимдер иштетип жатканын айтты

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстанда казинолорду кимдер иштетип жатканын айтты.

Умтуловдун маалыматы боюнча, «Гранд казинонун» 80 пайыз үлүшү «Кыргыз Инвестмент энд Файненшиал Сервисез» компаниясына, 20 пайызы Азат Буркановго таандык.

Ал эми «Казино Кристал» казиносуна Сүйүнбек Уметалиев 37 пайыз, Назим Айткулов 10 пайыз, Чубак Асанов 53 пайыз үлүшүнө ээлик кылат.

Өлкөдө ушул эки кумаркана расмий түрдө лицензия алганы маалым. Тагыраагы, «Гранд казино» лицензияны 2023-жылдын май айында алса, «Казино Кристал» казиносуна 2023-жылдын сентябрь айында берилген. Аталган жайлар казинолор иштей баштагандан бери 84 миллион сом киреше түшкөн. Бул сумманын ичинде букмекерлерден түшкөн каражат дагы бар. Тактап айтканда, казинолордон 80 миллион сом, букмекерлерден 3,5 миллион сом салык алынган.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button