Коом

Бүгүндөн тарта Бишкекте жылуулук бериле баштайт

Бүгүндөн тарта Бишкек шаарында жылуулук бериле баштайт. Тиешелүү буйрукка калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.

Белгилей кетсек, объектилерди туташтыруу бир нече күнгө созулат.

Жылытуу эки этап менен берилет:

  • биринчи кезекте-ооруканалар, бала бакчалар, мектептер, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо мекемелерине;
  • экинчи кезекте объекттин кышкы шарттарда пайдаланууга даярдыгы жөнүндө актысы бар турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине бериле баштайт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button