Коом

Товарды экспорттоо жана импорттоого уруксат берүү жөнөкөйлөтүлдү

Кыргызстан товарларды экспорттоо жана импорттоо боюнча документтерди кароонун мөөнөтүн кыскартты. Бул тууралуу  Экономика министрлиги билдирди. 

Документтерди кароонун мөөнөтү жети жумушчу күндүн ордуна үч жумушчу күнгө чейин кыскарды.

“Бул уруксат берүү процессин тездетет жана Кыргызстандын тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатат”, — деп белгилейт Экономика министрлиги.

Токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button