Баткен облусунда арзан көмүр саткан 6 кампа ачылды. Дареги
Баткенде президенттин облустагы өкүлчүлүгү жана «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Түштүк» филиалынын биргелешкен аракети менен арзан көмүр саткан 6 кампа ачылды.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, бул кампаларда БР маркасындагы көмүрдүн тоннасы 5 миң сомдон сатылууда.
«Арзан баадагы көмүр биринчи кезекте 2021-2022-жылдардагы чек ара окуяларынын жабырлануучуларына, социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөргө берилет. Андан соң катардагы жарандардын да алуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми Лейлек жана Баткен району, Баткен шаарындагы көмүр кампаларында Сүлүктү кенинин көмүрү, ал эми Кадамжай жана Кызыл-Кыя шаарында Бел-Алма кенинин көмүрү сатылат», — деп айтылат маалыматта.
Төмөндө көмүр кампалардын даректери:
— Лейлек районунун Кулунду айыл аймагы, ЦРМдин аймагы;
— Раззаков шаары, Тазалык ишканасынын аймагы;
— Баткен шаары Самат Сыдыков көчөсү, болжол менен Баткен ТВнын арт жагы;
— Кадамжай району, МАИ кызматынын айып короосунун алды;
— Ак-Татыр айыл өкмөтү, Рават айылы, Колтук көчөсү, ү№25;
— Кызыл-Кыя шаары, Жусубалиева №137.