Коом

Нурланбек Шакиев Маалымат жана басма сөз күнүн утурлай жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту

Кечээ, 31-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүн утурлай жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана журналистика тармагында эмгектенген ардагерлер менен жолугушту.

Жолугушууда сөз эркиндигинин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өнүгүшүндө журналисттердин ролу жогору экенин белгилеген Төрага Нурланбек Шакиев: “Сиздер маалымат таратуу менен гана чектелбей, коомду агартуучу милдетти да аркалайсыздар. Андыктан, мамлекетибиздин өнүгүшүндө салымыңар менен катар жоопкерчилигиңер да чоң”, – деди.

Ошондой эле азыркы доордо так жана ыкчам маалымат жеткирүүнүн маани-маңызы артып, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө талап да жогорулаганын айткан Нурланбек Шакиев журналисттердин түйшүктүү ишине ийгиликтерди каалады.

Андан тышкары, майрамдык иш-чаранын алкагында айрым ЖМК өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин Ардак грамоталарын жана Ыраазычылык каттарын тапшырды.

Иш-чарада журналисттер да сөз сүйлөп, сөз эркиндигинин учурдагы абалына байланышкан пикирлери менен бөлүштү.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button