КоомСпорт

Бишкекте 14-ноябрда бир катар көчөлөр жабылат

Бишкекте эртең, 14-ноябрда бир катар көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Мындай чара Бишкекте өтчү КМШга мүчө-өлкөлөрдүн саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуу кеңешинин ХХХVI отурумуна арналган «Ден соолук» аталышындагы чуркоо спорттук иш-чарасы байланыштуу.

Иш-чара өтүү учурунда Бишкек шаарынын Жайыл Баатыр көчөсүндө, А.Чортеков көчөсүнөн Ж.Шералиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө саат 09:00дөн 12:00гө чейинки унаа кыймылына чектөө киргизилет.

Милициянын кайгуул кызматы шаар тургундарын жана конокторун түшүнүү менен кабыл алууга чакырып, келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button