АдабиятКоомМаданият

Абдылдажан Акматалиевге КМШ ПААнын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы тапшырылды

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык маарекесине арналган эл аралык конференция өттү.

Иш-чаранын алкагында КМШ ПААнын Кеңешинин чечими менен кезектеги Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык филология илимдеринин доктору, профессор, айтматов таануучу, улуу окумуштуу, академик Абдылдажан Акматалиевге ыйгарылды.

Сыйлыкты Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Россиянын Федералдык жыйынынын федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко тапшырды.

Төрага Нурланбек Шакиев Абдылдажан Акматалиевдин адабияттагы жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөөдөгү салымы чоң экенин белгилеп, окумуштуунун мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Кошумчалай кетсек, КМШ ПААнын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык ээсине 1 млн сом да берилди.

Ал эми Абдылдажан Акматалиев ыйгарылган сыйлыкка ыраазычылык билдирип, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы түгөнбөгөн кенч экенин, аларга изилдөө жүргүзүү тынымсыз улантылышы керектигин кошумчалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button