АдабиятКоомМаданият

Элмирбек Иманалиевдин «Аманат» китеби «Жылдын мыкты китеби» номинациясын жеңип алды

Кыргызпатент негизделген күнүнөн тартып, чыгармачыл жарандарды ар тараптан колдоп келген бирден бир мамлекеттик мекеме катары жалпы элге маалым. Жыл соңунда, бул ирет да ошол иш-аракет, кадамынан жазбай авторлорду, басылма ээлерин, инновациялык идеяларды жана тажрыйбаларды колдоо, илим, билим берүү, маданий чөйрөдө китепти жана окууну андан ары жайылтууга көмөк көрсөтүү максатында өткөргөн “Жылдын мыкты китеби” конкурсунун жыйынтыгын чыгарды.
Акыркы эки жылда жарык көргөн китептерди карап чыккан Калыстар тобунун баалоосу жана сунуш-пикирлеринин негизинде төмөнкүлөр жеңүүчү деп табылды:
– “Жылдын мыкты прозасы” номинациясы боюнча Бейшенбай Усубалиевдин “Зоока” китеби;
– “Жылдын мыкты поэзиясы” номинациясы боюнча Бердибек Жамгырчиевдин “Романтика” китеби;
– “Жылдын мыкты балдар адабияты” номинациясы боюнча Байтемир Асаналиевдин “Балдан ширин балалык” китеби;
– “Жылдын мыкты басмасы” номинациясы боюнча “Кут-Бер” басмасы;
– “Жылдын мыкты жазуучусу” номинациясы боюнча Калкамбай Ашымбаев;
– Ал эми баш байге, “Жылдын мыкты китеби” номинациясы Элмирбек Иманалиевдин “Аманат” китебине ыйгарылды.
Белгилей кетсек, Калыстар курамына белгилүү адабиятчылар, окумуштуулар, акын-жазуучулар: С. Кайыпов, А. Алымбаев (Байас Турал), Садык Алахан (Тиллебаев), Р. Таштемирова, А. Эгембердиева, М. Көлбаева, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Мирлан Самыйкожо, басмакана өкүлү А. Усубалиев, КР Улуттук китеп палатасынын директору К. Момункулов, Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун аткаруучу директорунун орун басары Т. Муктаров ж.б. кирген.
“Жылдын мыкты китеби” конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар жана дипломдор 12-декабрда Улуттук адабият күнүнө карата Кыргызпатенттин алдындагы Инновациялык борбордо салтанаттуу түрдө тапшырылат.
Булак: Кыргызпатенттин басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button