КоомСпорт

Майыптыгы барлар үчүн 40 млн сомго спорт комплекс курулат

Майыптыгы барлар үчүн спорт комплексин курууга 40 млн сом керектелет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

Депутат министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровго кайрылып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жок дегенде бир спорт комплексин курууну суранып, пара-спортчулар мелдештерде жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп жатканын белгиледи.

“Октябрь районунан курулушка ылайыктуу жер таптык. Бирок Бишкек мэриясы сиздин көрсөтмөңүзсүз курулушту каржылагысы келбейт”, — деди депутат Акылбек Жапаровго.

Министрлер кабинетинин башчысы депутатка келерки жылы мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн спорт зал куруп берүүнү убадалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button