Кылмыш-кырсык

УКМК: Талас шаарынын билим берүү тармагында жана Эсептөө палатасында коррупциялык схема аныкталды. Видео

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Талас облусунун аймагындагы коррупциялык факторлорду жана шарттарды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Талас облусунун билим берүү тармагындагы жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызмат адамдарынын дагы бир коррупциялык схемасы аныкталды.

Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн айрым кызмат адамдары  каржылык жана башка мыйзам бузууларды жашыруу максатында жалпы билим берүүчү мектептердин жана бала бакча окуу жайларынын директорлорунан финансылык текшерүү органдарынын өкүлдөрү тарабынан аудитти формалдуу жүргүзүүсү үчүн берүүгө мыйзамсыз акча каражатын чогултууну уюштурушкан.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору А.Ш.У (пара алгандыгы үчүн) жана Талас шаардык, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.Б.К. (пара бергендиги үчүн) ири өлчөмдөгү параны берүү жана алуу фактысы боюнча кармалды.

Учурда бул кызмат адамдары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Белгилей кетсек, мамлекеттин билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга багытталган саясатына карабастан, айрым кызмат адамдары тарабынан жумушка орноштурууда, балдар билим берүү мекемелерине балдарды кабыл алуу процессинде жана ошондой эле бала бакчаларга киргизүүдө акча өндүрүү фактылары уланууда.

Эгерде ушул сыяктуу мыйзам бузуу фактылары аныкталса, Кыргыз Республикасынын УКМК органдарына кайрылууга чакырабыз, анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button