КоомКылмыш-кырсык

УКМК: Кыргызстан профсоюздар федерациясынын активдерин мыйзамсыз саткандар кармалды 

Ысык-Көлдөгү «Ала-Тоо» эс алуу үйүнүн сатылышына байланыштуу профсоюз лидерлери кармалды. Бул тууралуу КР УКМКдан билдиришти.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына, ошондой эле Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясынын тиешелүү токтомун аткаруу үчүн, мурда мыйзамсыз чыгарылган Кыргызстан профсоюздар федерациясынын (КПФ) кыймылсыз мүлктөрүн аныктоо максатында, КР УКМК тарабынан тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

2014-жылы КПФнын кеңешинин мүчөлөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Ала-Тоо” эс алуу үйү жайгашкан 2,34 га жер тилкесин КПФнун менчигинен мыйзамсыз чыгарып алышкандыгы, кийин аны уюшкан кылмыштуу топтун лидери К.Асанбектин аффилияцияланган адамдарына КПФнын пайдасына эмес шарттарда сатып жиберишкени аныкталды.

Андан соң, “Имидж Строй” ЖЧКсы (К.Асанбектин аффилияцияланган фирмасы) тарабынан “Каганат” коттедж комплекси салынган.

Жогорудагы кылмыштуу аракеттердин натыйжасында коомдун кызыкчылыктары, атап айтканда жумушчулардын ден соолугун чыңдоо жана эс алуу укугу бузулуп, көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк уюшкан кылмыштуу топтун лидери К.Асанбектин жакын адамдарына гана VIP коттедждерди куруу үчүн пайдаланылган.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүмү (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2023-жылдын 28-ноябрында КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык:
— Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы Т.А.;
— Машина куруу жана башка тармак-тардын жумушчуларынын профсоюзунун республикалык комитетинин төрагасынын орун басары Т.Ч.А.;
— Токой чарба кызматкерлеринин республикалык комитетинин төрагасы О.К.Д.;
— “Ала-Тоо” эс алуу үйүнүн мурдагы директору К.Н.А. кармалып, КР УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайын киргизилди.

Учурда КПФнын мыйзамсыз алынган мүлкүн аныктоо жана кайтаруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button