Кылмыш-кырсык

УКМК: Кыргызстандын чектеш мамлекеттер менен мамлекеттик чек ара аркылуу контрабандалык иштерге каршы күрөшүү уланууда

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын коңшу мамлекеттер менен мамлекеттик чек арасы аркылуу контрабандалык иштерге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2023-жылдын 16-ноябрынан 21-ноябры күндөрү аралыгында:

– ушул жылдын 16-ноябрында Лейлек районунун Арка айылындагы    кампадан 870 миң сомдон ашык суммадагы кондитердик азыктар түрүндөгү контрабандалык жүктү, чет мамлекеттин мамлекеттик номуру тагылган «Хьюндай Портер» автоунаасына жүктөөдө, 1992-жылы туулган «М.Т.Р.» аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалган;

– ушул жылдын 21-ноябрында Лейлек районунун Арка айылындагы Т.Касымбеков көчөсүндөгү тургундун жеке үйлөрдүн биринде «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү чет элдик мамлекеттик номурлуу автоунаа 1 миллион сомдон ашык эл керектөөчү товарлардын аткезчилик жүгу кармалган.

Жогорудагы фактылардын негизинде КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш иштеринин алкагында, иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын коңшу мамлекеттер менен мамлекеттик чек арасы аркылуу аткезчилик аракеттерди жасагандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button