Коом

Орозо жана Курман айттарынын болжолдуу датасы айтылды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Орозо айт менен Курман айттын болжолдуу датасын атады.
Министрлер кабинетинин 2024-жылдын дем алыш күндөрү жөнүндө токтомунун долбоорунда 10-апрелди (Орозо айт) жана 17-июнду (Курман айт) эс алуу күн катары белгилөө сунушталууда.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматы Орозо айы кайсы күнү баштала турганы азырынча белгисиз экенин билдирип, айдын жаңырышына карай бул дата бир күнгө жылышы мүмкүн экенин белгиледи. Орозонун башталышы айдын чыгышына жараша аныкталат. Жыл сайын орозонун башталышы болжол менен он күн артка жылып турат.
Былтыр Рамазан айы 23-мартта башталган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button