Коом

Баткен облусуна караштуу маданий мекемелерде оңдоо иштери жүрүп жатат

Баткен облусуна караштуу Лейлек, Кадамжай райондорунда жана Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарларында маданий мекемелерди оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Ремонт иштерине Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен каражат бөлүнгөн.

Ведомстводон билдиришкендей, Лейлек райондук маданият үйүнө 4 млн 32 миң 787 сом бөлүнүп, маданият үйүнүн эшик, терезелери алмаштырылып, жылытуу системасы оңдолууда. Азыркы тапта жумуштун 60% ти бүтүп калды.

Кадамжай райондук маданият бөлүмүнө 200 миң сом акча каралып, каражат айылдык маданият үйлөрүнө жана айылдык, шаардык китепкана филиалдарына бөлүнүп берилип, керектүү оңдоп-түзөөлөр жүргүзүлүүдө. Ремонт иштери жергиликтүү бюджет эсебинен да каржыланды.

Кызыл-Кыя шаардык маданият бөлүмүнө 174 миң 966 сом бөлүнүп, эки даараткана салынды.

Борборлоштурулган китепкана тармагына 63 миң 391 сом акча каражаты бөлүнүп, айрым бөлмөлөр ремонттолуп, чатырлары алмашып, четтерине суу тосуучу ноолор коюлду.

Ошондой эле Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүнө 443 миң 700 сом бөлүнгөн. Бул каражатка маданият сарайынын эшиктери, полдору жаңыланды. Китепкана, музей жана маданият сарайларынын ички жана сырткы көрүнүшү калыбына келтирилди. Буга чейин суу жоктугуна байланыштуу маданият сарайынын арткы жагына суу сактоочу жай курулду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button