Коом

1-декабрга карата аба ырайы

1-декабрга караган түнү Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлерине жамгыр жаап, тоолуу райондоруна кар түшөт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым аймактарды туман каптаарын Кыргызгидромет билдирди.
Ал эми күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлбөй турганын айтышты.
Абанын температурасы Чүйдө +5…+10, Талас жергесинде +4…+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +7…+12, Ысык-Көлдө +5…+10, ал эми Нарында +2…+7 градус болот.
Борбор калаада түнкүсүн бир аз жамгыр жаайт. Күндүн табы Бишкекте +7…+9, Ошто +10…+12 градуска жетет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button