Коом

Молдо Нияз тууралуу тартылган даректүү көркөм тасманын бет ачары өтөт

Алгачкы агартуучу, кыргыз жазма адабиятынын көч баштоочусу Молдо Нияз тууралуу даректүү көркөм тасманын бет ачары болот. Бул тууралуу Ош мамлекеттик университетинин маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чара 2-декабрда ОшМУнун чоң залында саат 16.00дө башталат.
Маалыматка ылайык, тасма тартууга даярдык үстүбүздөгү жылдын январында башталган. Кадрлардын басымдуу бөлүгү Кадамжай районундагы Кара-Дабан аймагында, Тамаша, Кызыл-Булак айылдарында, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад облустарында тартылган. Узактыгы 55 мүнөт.
Молдо Нияздын бала чагын Амир Термечиков, 17 жаш кезин Максат Адилбаев, 40 жашын Айбек Жунусов, ал эми 80 жаштагы образын Раимкул Мураталиев жараткан.
Фильм улуу ойчулдун 200 жылдыгына карата ОшМУнун киноакадемиясы тарабынан тартылган. Окуу жайдын тарыхында алгачкы жолу жаратылган тасманын сценарийин Нышанбек Кочкоров жазган, режиссёру Медербек Ниязалиев, продюсери Кудайберди Кожобеков.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button