КоомМаданият

Ошто “Молдо Нияз Эрназар уулу” тарыхый даректүү-көркөм тасмасынын бет ачары өттү

Ош мамлекеттик университетинде “Молдо Нияз Эрназар уулу” тарыхый даректүү-көркөм тасмасынын бет ачары болду. Тасманын бет ачар аземине Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, “Молдо Нияз Эрназар уулу” даректүү-көркөм тасмасынын сценарийинин автору КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Нышанбек Кочкоров, “Молдо Нияз мурастары” фондунун төрагасы Айтмат Аззамжан уулу, Ош шаарындагы ЖОЖдордон, маданият башкармалыктарынан, мекеме-ишканалардан өкүлдөр, тасманы жаратууда катышкан чыгармачыл инсандар, окуу жайдын жамааты катышты.
 
 
Тасманын соңунда фильмдин башкы каармандарынын ролун аткаргандар, тасманы тартууга салым кошкондор сыйланды.
Фильм тууралуу пикирлер айтылып, баа берилди.
Тасма Ош мамлекеттик университетинин кино академиясы тарабынан тартылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button