Коом

Улан Ниязбеков Түрк мамлекеттер уюмунун Баш катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту

2023-жылдын 8-декабрында Ички иштер министрлигинде Улан Ниязбеков Түрк мамлекеттер уюмунун  Баш катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, жолугушуу учурунда Улан Ниязбеков учурдагы тездик менен болуп жаткан ааламдашуу, технологиянын өнүгүшү кылмыштуулуктун да транформациялануусуна шарт түзүп, транс улуттук кылмуштуулук, өзгөчө кибер, баңги, мыйзамсыз миграция, терроризм жана экстремизм кылмыштарына өнөктөш мамлекеттердин укук коргоо органдары менен биргеликте каршы туруу негизги орунга ээ болууда экендигин белгилеп.

Бул көрсөтүлгөндөрдүн негизинде Уюмдун курамындагы мамлекеттердин укук коргоо органдары, өзгөчө Ички иштер министрликтери/полициялары ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү менен тыгыз иш алып баруу мезгилдин талабы болууда.

Ошондуктан, белгиленген кылмыштарга каршы өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, биргелешип өткөрүү иш-чараларын өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги Уюмга мүчө мамлекеттердин Ички иштер министрликтеринин/полицияларынын жетекчилери менен 2024-жылдын экинчи жарым жылдыгында Кыргыз Республикасында жолугушууну уюштуруп, кызматташуу маселелерин олуттуу карап, биргелешкен иш-аракеттердин келечегин талкуулоо демилгесин билдирди.

Өз кезегинде Башкы катчы Кубанычбек Өмүралиев ИИМдин демилгесин колдоп, мындан аркы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган биргиликтүү иш-чараларды өткөрүүгө даярдыгын маалымдады.

Жолугушууда Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы мүмкүн болгон кызматташтыктын багыттары талкууланды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button