Коом

Майыптыгы бар адамдардын жеке ассистенттерине 970,7 млн сом төлөндү

Майыптыгы бар адамдардын жеке ассистенттерине  970,7 млн сом төлөндү
Кыргызстанда жыл башынан бери жеке ассистенттерге 970,7 млн сомдон ашык акча төлөнүп берилди. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гулнара Баатырова маалымат жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 14 миң чоң киши жана майып балдар «жеке ассистент» кызматын алышат.

Мыйзамга ылайык, ата-энеси, мыйзамдуу өкүлү (асыроочулар, көзөмөлчүлөр, камкорчулар), жакын туугандары (чоң атасы, чоң апасы, таятасы, таянеси, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандары, багып алган ата-энеси) же 65 жашка чейинки тиешелүү окутуудан өткөн башка адамдар жеке ассистент боло алышат.

«Жеке ассистенттердин эмгек акысы дээрлик 30% га 4900 сомдон 6268 сомго чейин көтөрүлдү. Бул кызмат майыптыгы бар балдардын ата-энелерине келечекте пенсия алууга мүмкүнчүлүк берет. Жыл башынан бери аларга 970,7 млн сомдон ашык төлөндү», — деди министр.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button