КоомМаданият

Эл артисти Аксуубай Атабаевдин 80 жылдыгы белгиленет

Кыргызстанда Эл артисти, белгилүү обончу, ырчы Аксуубай Атабаевдин 80 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чара 13-декабрь күнү саат 18.00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

Аксуубай Атабаев 1943-жылы 22-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылында туулган. Ал Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын элдик аспаптар бөлүмүн, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Көркөм өнөр институтунун маданий-агартуу факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында хордун артисти болуп баштап, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында музыкант, филармонияда солист, кийин Республикалык кесиптик-техникалык окуу жайынын маданият ордосунун директору болуп эмгектенген.

Белгилүү обончу 2011-жылы 68 жаш курагында жүрөк оорусунан көз жумган. Анын «Тоолор», «Махабатым», «18 жаш», «Чагылган», «Курбулар» баштаган ырлары классикага айланып, азыркыга чейин эл оозунан түшпөй келет.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button