Коом
Быйыл 100 миңден ашык адам миграция боюнча кеңеш алды
Жыл башынан бери 104,6 миң адам миграция маселелери боюнча консультация алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, коопсуз миграцияны камсыздоо максатында миграция, адам сатуунун алдын алуу жана Кыргызстандан чет өлкөлөргө чыгып жаткан мигранттардын укуктарын коргоо маселелери боюнча 9 маалыматтык жай орнотулган.
Маалыматты аэропорттордон алууга болот. Ошондой эле, Бишкек, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Бишкектеги темир жол вокзалында, Эмгек министрлигинин Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунан алууга болот.