Коом

Ат-Башы районунда 250 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Большевик айылында А.Табылдиев атындагы орто мектебинин 225 орундуу жаңы курулган имараты ишке берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин окуучулар мектептин авариялык абалдагы эски имаратында эки смен менен окуп келишкен.

Мектептин курулушу 2020-жылы Сауд өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен башталган.

«2023-жылв президенттин курулушу көпкө созулган социалдык объектилерди бүткөрүү тапшырмасынын негизинде аталган орто мектептин курулушу да тездетилип, жаңы жыл алдында айыл элине белек кылынды», — деп айтылат маалыматта.

Мектептин ачылыш аземине КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эмилбек Абдыкадыров жана район, айыл тургундары катышты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button