Коом

ИИМ: Милиция күчөтүлгөн тартипте кызматын улантууда

2023-жылдын 31-декабрына карата республика аймагында кылмыштар жана окуялар боюнча жалпы 434 маалымат жана кайрылуулар келип түшкөн, анын ичинен 3 кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
19 жол унаа кырсыгы катталып, 22 адам ар кандай жаракаттарды алган.
Жаңы жыл түнү окуясыз тынч өттү. ИИО кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантууда.
Майрамдык ири иш-чараларда мыйзамдуулукту жана тартипти камсыздоо коопсуздуктун бардык деңгээлин эске алуу менен камсыз кылынат. Жакын жайгашкан турак жай секторунда, түздөн-түз массалык иш-чаралар өтүүчү жерлерде укуктук тартип көзөмөлдөөгө алынган. Иш-чара өткөрүлүүчү жайга жакын жерлерде милиция посттору коюлган. Иш-чара өткөрүлүүчү жайга жакын жерде милиция посттору коюлган. Жаңы жылды майрамдоо күндөрү милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жана тергөө топторунун күнү-түнү нөөмөттөрү уюштурулган.
Кыргызстандын милициясынын бардык өздүк курамы кызмат учурунда мыйзамды сактоого, жасалган жана даярдалып жаткан кылмыштар тууралуу бардык билдирүүлөргө жана сигналдарга дароо жооп берүүгө багытталган. Кылмыштарга жана укук бузууларга токтоосуз чара көрүү, алдын алуу жана болтурбоо максатында кошумча тергөө-ыкчам жана тез чара көрүү топтору түзүлгөн.
Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан коомдук тартип толук камсыздалууда, олуттуу бузуулар болгон эмес.
КР ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button