КоомСпорт

Баткенде аялдар үчүн заманбап спорт зал ачылды

Жаштардын жана аялдардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу, спорт менен машыгууларына шарт түзүү максатында Баткен районунун чек арада жайгашкан Самаркандек айылынын Орто-Сай жерлигинде курулушу башталган спорт зал, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдирди.

 

Бул жай облуста кыз-келиндер үчүн курулган алгачкы спорт комплекси болду.

Айылдагы салтанатка катышкан КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, айыл тургундарын кубанычтуу саамалык менен куттуктап, «дени сак эне-дени сак улут», аялдар арасында сергек жашоо образын калыптандыруу аракети мындан ары активдүү уланат» деп белгилеп, 400 миң сомдук спорттук жабдууларды тапшырды.

Ошондой эле демөөрчүлөр жана “Аялдар тынчтык долбоору” тарабынан 850 миң сомдук, Кыргызстандын айылдык ден соолук комитети тарабынан 750 миң сомдук спорт залга керектүү болгон жабдуулар алынып берилди.

Спорт залдын курулушуна жергиликтүү бюджеттен, дем берүүчү грант жана демөөрчүлөрдөн, Баткен облусун өнүктүрүү фондунан каражат бөлүнүп бүткөрүлдү.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button