Кылмыш-кырсык

УКМК:  Депутат Эмил Жамгырчиев Биринчи Май райондук сотунун чечими менен камакка алынды

Маалым болгондой, буга чейин 2023-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Жамгырчиевге мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Э.Жамгырчиев кылмыш жоопкерчилигинен жана башка кылмыш иши боюнча тергөө аракеттеринен качып, ошондой эле криминалдык авторитет — Өзбекстан Республикасынын жараны Салимбай Абдувалиевдин колдоосуна ээ болуу максатында, мамлекеттик чек араны  кесип, 2022-жылдын декабрь айында Ташкентке мыйзамсыз чыгып кеткен.

Учурдагы мыйзамдардын талаптарына ылайык, КР Башкы прокурору аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча өлкөнүн парламентине сунуш киргизген.

Ошол эле учурда, 2024-жылдын 9-январында Э.Жамгырчиев кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү маселесин кароо боюнча депутаттык комиссиянын ишинин жүрүшүндө тергөө амалдарына катышуудан качып, Жогорку Кеңештин имаратынын терезесинен секирип кеткен. Ал ошол замат, изин суутпай дайынсыз жоголгон, ошону менен тергөө иштерине атайылап тоскоол болгон.

2024-жылдын 10-январында өлкөнүн парламенти Э.Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-лейтенант К.К.Ташиев парламентте Э.Жамгырчиевдин Ташкенттеги криминалдык авторитет С.Абдувалиевге тапшырган каты менен тааныштырган жана аны кармоонун зарылчылыгы жоктугун билдирген.

Бирок, Э.Жамгырчиевге карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө акыркы стадияда болгондуктан, экинчиси дагы кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында коңшу республикалардын бирине мыйзамсыз барып, кайда жашырынууну чечкен. Тергөө иштери жүрүп, бул боюнча Мамлекеттик комитетке тиешелүү ыкчам маалымат келип түшкөн.

Жогорудагы жагдайларды, ошондой эле Э.Жамгырчиевдин тергөөдөн жашырынып кетүүсүнө реалдуу мүмкүнчүлүктөр бар экендигин эске алып, 2024-жылдын 24-январында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн айыпталып, Биринчи Май райондук соту тарабынан Бишкек шаарынын тергөө абагына камоо түрүндөгү баш коргоо чарасын, башкача айтканда 2024-жылдын 26-февралына чейин камалды.

Жогоруда белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Жамгырчиевге карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иши иликтенип, жакын арада сот органдарына жөнөтүлүп, анын күнөөлүү же күнөөлүү эместиги тууралуу чечим чыгарылат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button