Кылмыш-кырсык

УКМК: Кара-Суу районундагы «К. Жээнбеков» базарынын директору мыйзамсыз акча чогултуу фактысы менен кармалды

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Кара-Суудагы «Туратали» базарынын аймагында дүң жана чекене соода менен алектенген ишкерлерден системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталды.

     

Белгиленгендей, жеке ишкер Ж.К.Ш. кызмат абалынан пайдаланып, контейнерди бузуп салам деп коркутуу жолу менен ижара келишимин түзүү жана узартуу үчүн ижарачылардан жыл сайын мыйзамсыз түрдө 5 миңден 10 миң АКШ долларына чейин акча талап кылган. Ижарачылар соода түйүнүнөн ажырап калуудан коркуп, мыйзамсыз талап кылынган сумманы ага которууга аргасыз болушкан.
2024-жылдын 24-январында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамсыз талап кылынган 5000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын которгондон кийин жеке ишкер Ж.К.Ш. кармалып КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Анын жашаган жеринен тинтүү учурунда 135 600 АКШ доллары, 1 113 800 сом акча каражаты, алтын буюмдар (сөйкө, шакек), Улуттук банктын 999 үлгүсүндөгү жалпы салмагы 1 кг болгон 10 даана алтын куймалары жана 2017-жылы чыгарылган «Рейндж Ровер» автоунаасы табылып алынды.
КР УКМК тарабынан чарбакер субъектилерден мыйзамсыз жыйымдарды чогулткандарды алдын алуу боюнча иш-чаралар улантылууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button