Коом
Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусундагы ардагерлер кеңешине унаа тапшырды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев бүгүн Жалал-Абад облустук Башкы башкармалыгынын ардагерлер кеңешине унаа тапшырды.
Атайын кызматтан билдиришкендей, буга чейин ардагерлер алыска иш-чараларга чыкканда кыйналып жатканын айтып, кичиавтобус бөлүп берүүнү суранышкан.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда 143 миң ардагер бар.