КоомСпорт

Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер курамасы CAFA мелдешине катышат

Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер улуттук курама командасы CAFA Women’s Futsal Championship 2024 мелдешине катышат. Бул тууралуу Футзал ассоциациясынан билдиришти.

Турнир Тажикстандын Душанбе шаарында 2–12-февраль күндөрү өтөт. Ага ошондой эле Иран, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан курамалары катышат

Турнирге болгон даярдыктын алкагында учурда команданын окуу-машыгуу жыйыны өтүп жатат. Машыгуулар 1-февралга чейин уланат.

Жыйынга кураманын башкы машыктыруучу Келкел Анарбеков 16 талаа оюнчу жана 2 дарбазачы чакырган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button